# 15-берене. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 15-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-15

---

1. Агентке карата камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө талап камсыздандыруу акысын төлөө үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө арыз берилет.

2. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруу акысынын жарымын төлөгөндүгүн ырастоочу документтер (төлөм тапшырмасы түп нускасы камсыздандыруучудан камсыздандыруу акысынын жарымын алгандыгы жөнүндө камсыздалуучунун күбөлөндүргөн мөөрү менен кириш ордеринин дубликаты).

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга дал келбегендиги аныкталса, кемчиликтерди четтетүү үчүн документтер камсыздандыруучуга кайтарылып берилет. Мында ордун толтуруу мөөнөтү документтерди кайра алган күндөн тартып эсептелет, бирок ал он жумушчу күнүнөн ашпашы керек.

3. Агент камсыздандыруучу тарабынан атайылап жалган маалымат берилсе, камсыздандыруу акысынын бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу.

4. Камсыздандыруучу берилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жооптуу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-16)
