15-берене. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
1. Агентке карата камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө талап камсыздандыруу акысын төлөө үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө арыз берилет.
2. Камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтуруу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруу акысынын жарымын төлөгөндүгүн ырастоочу документтер (төлөм тапшырмасы түп нускасы камсыздандыруучудан камсыздандыруу акысынын жарымын алгандыгы жөнүндө камсыздалуучунун күбөлөндүргөн мөөрү менен кириш ордеринин дубликаты).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга дал келбегендиги аныкталса, кемчиликтерди четтетүү үчүн документтер камсыздандыруучуга кайтарылып берилет. Мында ордун толтуруу мөөнөтү документтерди кайра алган күндөн тартып эсептелет, бирок ал он жумушчу күнүнөн ашпашы керек.
3. Агент камсыздандыруучу тарабынан атайылап жалган маалымат берилсе, камсыздандыруу акысынын бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу.
4. Камсыздандыруучу берилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жооптуу.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-15" title="15-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>