# 14-берене. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик колдоо

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особенностях страхования в растениеводстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111312)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550#diff=1075199..1075200>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 14-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-14

---

1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну мамлекеттик колдоо ыңгайсыз табигый кубулуштардын кесепетинен келип чыккан камсыздандыруучулар боюнча камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн элүү пайызынын ордун толтуруу, ошондой эле камсыздандыруучуга түзүлгөн келишим боюнча камсыздандыруу акысынын элүү пайызын төлөө үчүн тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда аныкталган бюджеттик каражаттарды бөлүү аркылуу ишке ашырылат.

2. Республикалык айыл чарбалык камсыздандыруу фонду айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандыруу келишими боюнча түшкөн камсыздандыруу акыларынын жалпы суммасынын элүү пайыз өлчөмүндө камсыздалуучулардын чегерүүлөрүнүн эсебинен түзүлөт. Бул каражаттардын эсебинен агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө жүргүзүлөт.

Агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө каралган каражат түзүлгөн келишимге ылайык коммерциялык банктагы агенттин учурдагы эсебине которулушу мүмкүн.

3. Агентке келишимдин негизинде берилүүчү каражаттарды башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн казыначылык системасында белгиленген тартипте учурдагы эсеп ачылат.

Убактылуу бош каражаттар Казыначылык системасындагы учурдагы эсептен Борбордук казыначылыктын макулдугу менен республиканын банк мекемелериндеги депозиттерде белгиленген тартипте жайгаштырылышы мүмкүн. Казыначылык системасындагы учурдагы эсептин киреше бөлүгү келишимдин негизинде өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген бюджеттик каражаттардын жана убактылуу бош каражаттарды депозиттерге жайгаштыруудан түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт. Казыначылык системасындагы учурдагы эсептин чыгаша бөлүгү депозиттерде жайгаштыруу суммасын, камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн жана түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысынын жарымынын ордун толтурууга чыгымдарды камтыйт. Казыначылык системасындагы учурдагы эсепте финансылык жылдын аягындагы каражаттардын калдыгы Борбордук казыначылыктын алыш-бериш эсебинде эске алынат жана финансылык жыл аяктаганда бюджетке кайтарылууга тийиш. (КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-15)
