# 13-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан камсыздандыруучуну бошотуунун негиздери

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2021 [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268); 02.04.2016 [Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особенностях страхования в растениеводстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111312)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550#diff=1075200..1075201>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 13-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-13

---

1. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүлөрдөн улам болсо, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүнөн толук же айрым баш тартууга укуктуу:

- өтө зарылдыктан улам жасалган иш-аракеттерди кошпогондо камсыздандыруу учурунун келип чыгышына багытталса же болбосо ал учурдун келишине көмөктөшүүчү камсыздалуучунун атайылап жасаган иш-аракетинен;

- Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруу учуруна байланыштуу атайылап кылмыш жасаган же укук бузуу деп табылган камсыздалуучунун иш аракетинен.

2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашырууда камсыздандыруучунун баш тартышы үчүн төмөнкүлөр да негиз болушу мүмкүн:

- камсыздандыруу объекти камсыздандыруу тобокелдиги камсыздандыруу учуру жана анын кесепеттери жөнүндө камсыздандыруучуга камсыздалуучунун атайын жалган маалыматтарды билдириши;

- камсыздандыруу учуру келген жагдайларды териштирүүдө жана ага келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруучуга камсыздалуучунун жолтоо кылышы;

- камсыздандыруу учурунун келгендиги тууралуу камсыздандыруучуга кабар кылбоо, эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун келгендиги жөнүндө камсыздандыруучунун өз убагында билгени далилденбесе же болбосо камсыздандыруучуда бул тууралуу маалыматтын жоктугу камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу боюнча анын милдетине таасир этпесе;

- ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттардын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө арыздар ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-пунктунун алтынчы абзацында белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган башка учурлар.

3. Камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартуу жөнүндө чечимди камсыздандыруучу кабыл алат жана ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 2-пунктунда каралган бардык документтерди берген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде баш тартуу себептерин негиздөө менен камсыздалуучуга жазуу жүзүндө билдирилет.

4. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартышы камсыздалуучу тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-14)
