# 12-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруунун жалпы шарттары

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особенностях страхования в растениеводстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111312)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550#diff=1075199..1075200>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 12-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-12

---

1. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талап камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздалуучу тарабынан жазуу жүзүндө берилет.

2. Камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

- камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;

- талаанын жайгашуу картасынын (схемасынын) көчүрмөсү;

- жагымсыз табигый кубулуштар фактысын ырастаган маалымкат;

- жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды белгилөө боюнча комиссияны түзүү жөнүндө арызды кабыл алуу жөнүндө белгиси менен камсыздалуучунун арызынын көчүрмөсү;

- тизмеси камсыздандыруу келишиминде белгилене турган иш жүзүндө алынган кирешени далилдеген документтер, алар жок болсо - себүү аянтынын айрым зыянга учурашы менен алынган кирешени баалоо жөнүндө баалоочунун (көз карандысыз эксперттин) отчету.

Камсыздалуучудан башка документтерди камсыздандыруучунун кошумча талап кылышына жол берилбейт.

3. Документтерди кабыл алган камсыздандыруучу камсыздалуучуга документтердин толук тизмесин жана аларды кабыл алган күндү көрсөтүү менен маалымкат берүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-13)
