1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33
1) Агент - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган, мамлекеттин жүз пайыздагы катышуусундагы юридикалык жак;
2) баалоочу (көз карандысыз эксперт) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган менен келишимдин негизинде баалоо ишин жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
3) эгилген жердин толук зыянга учурашы - жагымсыз табигый кубулуштардын айдоолорго тийгизген терс таасиринен эгилген өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана оруп-жыйноого кете турган чыгымдын түшүмдөн түшө турган болжолдуу кирешеден ашып кетиши;
4) түшүмдөн түшө турган болжолдуу киреше - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык комиссия аныктаган киреше;
5) жагымсыз табигый кубулуш - эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жок болушуна же зыянга учурашына жана өсүмдүк продукцияларынын жок болушуна алып келген табигый кубулуштар (суу ташкыны, мөндүр уруу, нөшөрлөгөн жаан, үшүк, сел);
6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк - юридикалык же жеке жак тарабынан өсүмдүк өстүрүүнү өзүнө камтыган айыл чарбасынын негизги тармагынын бири;
7) өсүмдүк өстүрүүдө камсыздандыруу келишими (мындан ары - камсыздандыруу келишими) - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси аныктаган шарттарда камсыздандыруучу менен камсыздалуучунун ортосунда түзүлгөн келишим;
8) өсүмдүк продукциялары - айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алынган продукция (кылкандуу дан эгин, дан жүгөрүсү, төө бурчак, кант кызылчасы, пахта, тамеки, мөмө);
9) (КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) камсыздандыруу учуру - камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу учуру;
11) камсыздандыруу наркы - камсыздалуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлүүчү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандырылган мүлктүн наркы;
12) камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздалуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү камсыздандыруу акысы;
13) камсыздандыруу чыгымынын ордун толтуруу - камсыздандыруу учуру келгенде зыянды жабууга камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп бере турган сумма;
14) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну жүргүзүү укугуна лицензия алган, камсыздандыруу учуру келгенде келишимде көрсөтүлгөн сумманын чегинде (камсыздандыруу суммасы) камсыздандыруу төлөмүн камсыздалуучуга же келишимдеги бөлөк жактын (пайда алуучунун) пайдасына милдеттүү төлөй турган юридикалык жак;
15) камсыздалуучу - камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жана жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү ишин жүргүзүүчү жак;
16) чыгымдардын нормативи - өндүрүүдө өзүнчө технологиялык процесстер, жумуштун түрлөрү жана чыгымдардын беренелери боюнча өсүмдүк продукцияларын өндүрүүдө бир гектарга сом менен эсептелген чыгымдар;
17) франшиза - аныкталган көлөмдөн ашпаган зыяндын ордун толтуруудан камсыздандыруучуну бошотуу.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22 июлундагы № 517 ""Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 22.07.2015 · № 517 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-1" title="1-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>