# 5-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202548)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548#diff=802420..802421>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3950/edition/802419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202548/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 5-берене (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-5

---

1. Кыргыз Республикасында лотерея ишинин чөйрөсүндө лотереяны уюштурган жарандардын жана мамлекеттин укуктары менен кызыкчылыктарын жөнгө салууну, көзөмөл жүргүзүүнү, коргоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:

- лотерея ишин жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзөт;

- лотерея ишине лицензия берет, токтото турат, кайра жандандырат;

- мамлекеттик лотереяларды уюштуруу жана ойнотуу маселелери боюнча чечим кабыл алат;

- лотереяларды каттоону жүзөгө ашырат жана лотерея ишине лицензиялардын реестрин жүргүзөт;

- лотереяларды уюштурууга жана ойнотууга карата нормативдерди жана талаптарды иштеп чыгат;

- лотерея уюштуруучулары тарабынан лотерея ойнотуунун шарттарынын жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы үчүн көзөмөл жүргүзүүнү жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

- лотерея ишинин маселелери боюнча консультацияларды берет.

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-6)
