# 2-берене. Лотереялардын атайын түрлөрү

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202548)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 187 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203997)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548#diff=802419..802420>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3950/edition/802419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202548/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 2-берене (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-2

---

1. Электрондук лотерея (мындан ары - лотерея) - төмөндөгү бир же бир нече саналган белгилер колдонулуучу оюн:

- лотерея ставкаларын жана катышуучулардын божомолдоолорун жазуу маалыматтарды өзүнүн эсинде сактаган же каттоо үчүн аларды башкы компьютерге берген электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт;

- ойнолуучу маалымат байланыштын атайын каналдары боюнча оюнга катышуу үчүн башкы маалымат борборуна жөнөтүлөт;

- лотерея ставкаларын жана башка ойнолуучу маалыматтарды, ошондой эле байгелердин түзүмдөрү жана алардын ойнотулушун эсепке алуу электрондук түзүлүштөр аркылуу программалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлөт.

2. Лотереянын уюштуруучусу лотерея жабдууларынын жана оюндарды өткөрүүнүн ыкмаларынын лотереянын шарттарында баяндалган талаптарга ылайык пайдаланылышына жана иштетилишине кепилдик берүүлөрү тийиш жана каттоого алган мамлекеттик органга лотереянын уюштуруучусу пайдаланган маалыматтарга, документацияларга жана башкаларга кирүүгө тете эле программалык камсыздоого, техникалык жабдууларга жана байланыш каражаттарына кирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек.

3. Электрондук лотерея деген түшүнүккө интеллектуалдык-телефондук же байланыштын компьютердик тармагын (Интернет) пайдалануу менен аны өткөрүү процессинде атайын бөлүнгөн телефон номерлери же электрондук почта боюнча оюндун катышуучуларынын телекөрсөтүү студиясына же фирма-уюштуруучуга телефон чалуусу аркылуу лотерея ставкасын коюу лотереясы туура келет. Мында оюнга катышуу үчүн оюнчу тарабынан байланыш кызматы катары акы төлөнөт жана телефон компаниясы тарабынан берилген эсеп менен акы төлөө тастыкталат же болбосо банкта өзүнчө эсеп ачуу же жекече код менен катышуучунун карточкасын сатып алуу жолу же болбосо лотереянын шарттарында айтылган башка ыкма менен, авансалык төлөм менен акы төлөнөт.

Оюнга катышуу шарттары жана оюнга катышканы үчүн акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата белгиленген формада ченемдер жана талаптар менен телевизордун же компьютердин экранында көрсөтүлүүсү тийиш.

4. Электрондук лотереяларды каттоо медия-кызматтарын көрсөткөн уюштуруучулар жана фирмалар тарабынан ак ниеттүүлүк, адептүүлүк жана мыйзамдуулук принциптери сакталганда гана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Кызыктуруучу лотерея - жарнактык же башка максаттарда лотереянын уюштуруучусу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Буга катышууда атайын белетти сатып алуу же болбосо кошумча акы төлөө талап кылынбайт.

6. Кызыктуруучу лотерея, товарларды сатууну же кызмат көрсөтүүнү кызыктурууга багытталган. Мындай лотереяга катышуу кандайдыр бир товарды сатып алууга же кызмат көрсөтүүгө байланышкан. Лотереянын катышуучусу тарабынан ал лотереялардын эрежелеринде жазылган шарттардын аткарылышы, же товарда жазылган ойнолуучу маалыматтардын (анын ичинде газеталарда, журналдарда, коштолуучу документацияларда, атайын кошумча баракчаларда, квитанцияларда жана б.у.с.) болушу лотереяны уюштуруучу менен андай товарды кандайдыр бир башка ыкмада сатып алган же жарыяланган байгелерди (тиражында) ойнотууга катышуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, укуктук мамилелер берилген кардардын ортосунда келип чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

7. Кызыктуруучу лотерея белеттери жалпы кабыл алынган лотерея белеттерине же тираждык жана тез (тиражсыз) лотереялардын ойнолуучу купондоруна окшош маалыматтарды алып жүрүүчү сыяктуу эле, кириш белеттеринин, квитанциялардын, айрылып алынуучу купондордун, кошумча баракчалардын ар кандай түрлөрү, коштолмо документациялардын нускалары, таңгагы, таңгактагы же буюмдагы маркировка жана ушул сыяктуулар ойнолуучу маалыматтарды алып жүрүүчү катары да боло алат.

Кызыктуруучу лотереяга катышуу үчүн акы өзүнчө алынбайт жана сатылуучу товарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу түрүндө (формасында) көрүнөт.

8. Лотерея өткөрүүнүн шарттарына ылайык ойнолуучу маалыматтардын товардын нускаларында болушу (анын ичинде газетада, журналда, көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилген квитанцияда жана б.у.с.) аларды шарттуу лотерея белеттери катары кароо үчүн негиз болуп саналат.

9. Эгерде юридикалык жак тарабынан өткөрүлүүчү маркетингдик, жарнактык же башка иш чараларда каттоочу орган кызыктуруучу лотерея ойнотуунун белгилерин тапса, анда көрсөтүлгөн иш-чаралардын лотереялык элементтеринин жыйындысы аны уюштуруучулардын бул маселе боюнча кандай по-

зицияны ээлегендигине карабастан кызыктуруучу лотерея деп таанылат. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга, алардын маалымат орду, кызыктуруучу лотереяларды өткөрүүнүн тиешелүү шарты болсо, төмөнкүдөй шарттарда жол берилет:

- кызыктуруучу лотереянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын аймаганда иш жүргүзүү үчүн лотерея өткөрүүнүн аныкталган (дайындалган) шарттарына, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген лотерея өткөрүү укугуна уруксат алганда.

Кызыктуруучу лотереянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын резиденти гана чыга алат. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу Кыргыз Республикасынын аймагында кызыктуруучу лотереяларды өткөрүү шарттарына карата тийиштүү маалыматты камтууга тийиш. Башка учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга, алардын маалымат орду, кызыктуруучу лотереяларды өткөрүүнүн шарттарына дал келүүчү маалыматы болсо да тыюу салынат;

- Кыргыз Республикасынын аймаганда жүргүзүлүүчү утуштун кызыктуруучу лотереянын уюштуруучусу тарабынан мурда түзгөн байге фондунун үлүшүн (квотасын) аныктоого. Кызыктуруучу лотереянын байге фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн кеминде 1000 өлчөмүн түзүүгө тийиш.

10. Кызыктуруучу лотереянын байге фонду лотереяны уюштуруучу тарабынан өз каражаттарынын эсебинен түзүлөт.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-1-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-3)
