# 17-берене. Лотерея белеттерин сактоонун, төлөөнүн жана жок кылуунун тартиби

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202548)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3950/edition/802419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202548/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 17-берене (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-17

---

1. Лотереяны уюштуруучунун колунда болгон лотерея белеттери, ошондой эле төлөнгөн утуштуу лотерея белеттери тыкыр эсепке алынуу аркылуу, күзөт жана өрт сигналдарын билдирүүчү каражаттары менен жабдылган складдарда сакталууга тийиш.

2. Утуштары төлөнүп берилген бардык белеттер лотереяны уюштуруучунун штампы коюлуу менен сактоого алынууга жатат.

3. Ар бир тираждык чыгарылышты сатуунун мөөнөттөрү аяктагандан кийин сатылбай калган бардык лотерея белеттери лотереяны уюштуруучунун чечими менен түзүлгөн тираждык комиссия тарабынан жок кылынат.

4. Лотереяны өткөрүү аяктагандан жана аны аяктоо жөнүндө лотереяны уюштуруучунун жалпыга билдирүүсүнөн кийин, жок кылуу актысына тиркеме болуп эсептелүүчү реестрлерге ылайык, утуштуу лотерея белеттерин инвентаризациялоо жүргүзүлөт.

5. Утуштуу жана сатылбай калган лотерея белеттерин жок кылуу актысы комиссия тарабынан түзүлөт жана кол коюлат. Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү милдеттүү тартипте киргизилет.

6. Лотереяны өткөрүүнүн жүрүшүндө төлөнүп берилген утуштуу белеттерди жана сатылбай калган лотерея белеттерин жок кылуу лотерея белеттерин майдалоо менен жүзөгө ашырылат, алар кийин кайра иштетилет же өрттөлүп салынат.

7. Лотерея боюнча бардык отчеттук документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден жана аны өткөрүүнүн жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялагандан кийин гана жок кылуу жүргүзүлөт.

Ушул бөлүктүн нормасы ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган лотереялык белеттерди жок кылууга карата жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-18)
