# 15-берене. Утуштарды төлөөнүн, берүүнүн же ыйгаруунун тартиби

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202548)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3950/edition/802419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202548/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 15-берене (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-15

---

1. Утуштуу белеттин ээсине лотереяны уюштуруучу тарабынан утуштарды төлөө, берүү же ыйгаруу ар бир конкреттүү лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Утуштуу белеттер лотереяны өткөрүүнүн шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө кабыл алынат. Бул мөөнөт тираждын (ойнотуунун) натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кем болбоосу керек.

3. Бардык учурларда утуштар утуштуу лотерея белети көрсөтүлгөндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен бир жолу төлөнөт же берилет.

4. Лотереяны уюштуруучу утуштардын тиражынын натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен утуштардын тиражынын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-16)
