# 13-берене. Тиражды өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202548)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548#diff=802420..802421>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3950/edition/802419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202548/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 13-берене (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-13

---

1. Тиражды өткөрүүнүн тартиби лотерея өткөрүү укугуна күбөлүк алуу учурунда бекитилүүчү шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Тираждык комиссиянын курамына лотереяны уюштуруучунун өкүлдөрү, коомчулуктун өкүлдөрү жана башка адамдар киргизилет. Тираждык комиссия үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш.

3. Тиражды өткөрүүгө байланышкан лотерея зоогун телекөрсөтүү аркылуу алып берген учурда лотереянын уюштуруучулары утуштарды аныктоо процедураларын көрсөтүү менен туз ободо ошол тираждын өзүн алып берүүнү камсыз кылат.

4. Тиражды өткөрүү тираждын башталышына чейин лотереянын уюштуруучусу тарабынан сатылбаган лотереялык белеттери жок кылынгандан жана аларды жок кылуу жөнүндө актыга тираждык комиссия кол койгондон кийин гана мүмкүн.

Лотереялык белеттерди жок кылуу жөнүндө актыга кол коюучу комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү кирүүгө тийиш.

5. Тиражды өткөрүүнүн натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага тираждык комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана ал бир жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-14)
