# 1-берене. Негизги түшүнүк

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202548)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548#diff=802420..802421>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3950/edition/802419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202548/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 1-берене (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-1

---

Лотерея иши - лотереяны уюштурууга жана ойнотууга байланышкан, товарларды сатуу (иштер жана кызмат көрсөтүүлөр) болуп саналбаган иштин атайын түрү. Лотерея - лотерея белеттерин сатуу жолу менен калктын акча каражаттарын тартуунун формасы, мында чогулган каражаттардын бөлүгү (байге фонду) акча же буюм утуштары түрүндө ойнотулат. Лотерея белети - атайын таратуу, же лотереянын ойнолуучу тутумун белгиленген жекече идентификациялык номери (коду) бар атайын даярдалган жана ойнотулуп жаткан лотереяга катышууга жана эгерде ал белетке утуш туш келген учурда утуп алууга адамдын укугун күбөлөндүргөн маалыматтарды алып жүрөт. Лотерея уюштуруучу - Кыргыз Республикасында катталган, ушул Мыйзамга ылайык лотерея ойнотуу укугун алган, лотерея уюштуруу жана ойнотуу боюнча финансы-чарбалык иштерди жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди алып жүргөн юридикалык жак. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей өзүнчө (жеке) ишкер катары катталган жеке адам, ошондой эле юридикалык жак кызыктыруучу лотереяларды уюштуруучу боло алат. Лотереянын катышуучусу - лотереянын байге фондунун оюнуна катышууга укук берген лотерея белетинин менчик ээлигине укуктуу адам. Утуш - лотерея белетинен түшкөн жана акча түрүндө төлөнүүчү же болбосо менчикке натуралай формада же лотереянын шарттарына ылайык утуп алуучу деп таанылган лотереянын катышуучусуна берилүүчү байге фондунун бир бөлүгү. Мында лотерея белетине түшкөн утуш кокусунан гана болуучу иш жана ал кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жасалышы мүмкүн эмес. Лотереянын байге фонду - лотерея ойнотуунун шарттарында билдирилген жана утуштарды төлөө (өткөрүп берүү, берүү) үчүн арналган каражаттардын, буюмдардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысынын жана лотерея белетин саткандыгы үчүн акы алуунун эсебинен, же лотерея уюштуруучусунун өз каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча формасындагы көрүнүшү. Тез (тиражсыз) лотерея - лотереянын катышуучусу лотерея белетин түздөн-түз сатып алгандан кийин эле лотерея белетинин утуштуу же утуштуу эместигин аныктоого мүмкүндүк берген лотерея. Тираждык лотерея - айрым тираждар менен ойнолуучу лотерея (лотерея белеттерин партия менен тараткан, лотереянын байге фондунун бир бөлүгүн ойнотууну жана утуштардын бөлүгүн төлөөнү, өткөрүп берүүнү жана берүүнү жүргүзүү), мында лотереянын катышуучусу тиешелүү тираж ойнотулгандан кийин гана анын лотерея белетинин утуштуу же утуштуу эместигин аныктоого мүмкүндүк алат. Комбинирлешкен лотерея - уткан лотерея белеттери алар сатылып алынгандан кийин жана лотереянын байге фонду ойнотулгандан кийин да түздөн-түз аныкталуучу лотерея. Лотереянын байге фондун ойнотуу - анын жүрүшүндө (лотерея жабдууларын же аларды пайдаланбай туруп) лотереянын утушка ээ болгон катышуучусу жана ал катышуучуларга тиешелүү утуштарды төлөө, өткөрүп берүү, берүү аныкталган процедура. Тираждык лотереянын байге фондун ойнотуу - анын жүрүшүндө лотерея жабдууларын пайдалануу менен уткан лотерея белеттери аныкталуучу жана ойнотулган тираждын утушка ээ болгон катышуучуларынын арасында таратылууга жаткан байге фондунун үлүш өлчөмү белгиленүүчү процедура. Лотерея белеттерин таратуучу - лотереянын катышуучулары болууну каалаган жактар арасында лотерея белеттерин таратууну, лотерея ставкаларын кабыл алууну, төлөөнү, өткөрүп берүүнү же лотереянын уюштуруучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде утуштарды берүүнү жүзөгө ашыруучу адам. Лотерея ойнотуудан түшкөн акча - лотерея белеттерин сатуудан алынган акча каражаттарынын жана иш жүзүндө сатылган лотерея белеттеринин санынан жана алардын лотереянын катышуучулары болгон жактарга лотереянын шарттарында көрсөтүлгөн баа боюнча эсептеп чыгарылган акча каражаттарынын жалпы көлөмү. Лотерея кирешеси - лотерея ойнотуудан түшкөн акча каражаттары менен лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентинин ортосундагы бул түшкөн пайдага туура келген айырмасы. Атайын эсеп - лотереяларды уюштуруучулардын акча каражатынын бөлүгүн депонирлөө үчүн арналган (кызыктуруучу лотереяларды уюштуруучуларды кошпогондо) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган эсеп, ал республикалык бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөгөн учурда айрым гарантия болуп саналат. Лотереяны өткөрүү токтотулган учурда жана бюджеттин алдында карызы болбосо каражат лотереяны уюштуруучуларга кайтарылып берилет. Лотерея жабдуулары - лотерея ойнотуу үчүн атайын даярдалуучу жана колдонулуучу жабдуулар же лотерея программалары менен жабдылган жабдуулар. Лотерея ставкасы - акысы төлөнгөн ойнолуучу комбинация. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [1-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202548/st-1-1)
