# 6-берене

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/202539)
- Толук аталышы: КР 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3941/edition/490193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202539/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 6-берене (29.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-6

---

Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар, стипендиялар жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттин карыз милдеттенмелери жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2009-2011-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-7)
