# 12-берене

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/202539)
- Толук аталышы: КР 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2010
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2009 года № 159 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2009 год и прогнозе на 2010-2011 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203151)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202539#diff=490193..490194>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3941/edition/490193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202539/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 12-берене (29.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-12

---

2009-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрдөн чегерүүнүн төмөнкү ченеми бекитилсин:

- республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;

- областтык маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;

- райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;

- райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).

Сатуудан түшкөн салыктар төмөнкү жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:

- республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;

- областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;

- райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;

- райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);

- айыл өкмөтүнө - 25 пайыз өлчөмүндө.

Милдеттүү патенттештирүү негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө эсептелсин. Жер салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калтырылсын. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарынын суммаларынан түшүүчү атайын каражаттарга салык жергиликтүү бюджетке кошуп эсептөөгө жатат. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт. (КР 2009-жылдын 19-майындагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202539/st-13)
