# 8-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/202538)
- Толук аталышы: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 февраля 2012 года № 7 "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3940/edition/406908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202538/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 8-берене (22.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-8

---

тараптарынын укуктук мамилелеринин өзгөчөлүктөрү

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, улуттук коопсуздук,

саламаттыкты сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери менен

байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан тышкары Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда

жеке өнөктөштөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу күчүндө

турган бүткүл мөөнөт ичинде алар үчүн кыйла жагымдуу шартты тандап алу-

уга укуктуу.

2. Өкмөт жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары мамле-

кеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттары боюнча укуктук

мамилелерди жөнгө салуу боюнча төмөнкү мыйзамдардын чегинде каралгандан

башкача милдеттенмелерди өзүнө албайт:

- укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоо жөнүндө;

- мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө;

- жер, жаратылыш ресурстары жана жаратылышты коргоо жөнүндө;

- жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык тазалыгы жөнүндө;

- коргонуу, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялык ресурстар

жөнүндө.

Өкмөттүн жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органынын милдет-

тенмелери эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасы өзүнө

алган милдеттенмелерге карама-каршы келбеши керек.

3. Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органынын мамлекет-

тик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун чегинде өндүрүлгөн товарларды

(иш, кызмат көрсөтүүнү) сатып өткөрүүгө катышуусунун шарттары, ошондой

эле тийиштүү товарларды (иш, кызмат көрсөтүүнү) керектөөчүлөрдүн алдын-

дагы, ошондой эле жеке өнөктөштүн контрагенттеринин алдындагы жоопкер-

чилиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.

4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу-

нун чегинде байкоочулар кењешин түзүү каралган, анын иш тартиби тарап-

тардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

5. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн чегинде долбоорду жүзөгө ашыруу

менен байланышкан иш ар жылы тышкы аудиттен өткөрүлөт.

6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттары бо-

юнча акча каражаттарын төгүү (төлөө) боюнча Өкмөттүн, аткаруу бийлиги-

нин жергиликтүү органынын милдеттенмелерин камсыз кылган каражаттар ти-

йиштүү жылга мамлекеттик бюджетте жана кийинки эки жылга божомолдоодо

каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-9)
