# 6-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/202538)
- Толук аталышы: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 февраля 2012 года № 7 "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3940/edition/406908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202538/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 6-берене (22.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-6

---

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү жана/же аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары менен

жеке, юридикалык жактын ортосунда конкурстук тандоонун натыйжасы боюнча

же тикелей сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Конкурстук тандоонун

жана тикелей сүйлөшүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-

бынан аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же андан тышкары жерлерде

инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга карата колдонулган анын та-

раптарынын өз ара укуктары жана милдеттенмелери мамлекеттик-жеке

өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун предмети болуп саналат.

3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзгөн жеке же

юридикалык жактар жеке өнөктөш деп таанылат.

4. Макулдашуу, эгерде анын текстинде ал ушул Мыйзамга ылайык

түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу болуп санала

тургандыгы тикелей көрсөтүлгөн учурда гана, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

жөнүндө макулдашууга кирет. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан каралган тартипте түзүлөт.

5. Жеке өнөктөш тарабынан утурлама мүлктүк милдеттенмелерди кабыл

албастан өзү үчүн экономикалык мүнөздөгү бир тараптуу пайданы камсыз

кылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүүгө жол бе-

рилбейт.

6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу ошол макулдашуу-

да каралган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

жөнүндө макулдашууда тараптын же тараптардын катышуусу менен бир же бир

нече юридикалык жактарды түзүүнү карашы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202538/st-7)
