# 6-берене. Жөнгө салуунун предмети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202537)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 16-майындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3939/edition/1150496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202537/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 6-берене (16.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-6

---

1. Ушул Мыйзам майыптар коомдору тарабынан чыгарылган товарларды

мамлекеттик заказ катары мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик

заказчылардын сатып алуусунда колдонулат. Майыптар коомдорунун товарла-

рын сатып алуу жол-жобосуна карама-каршы келген "Мамлекеттик сатып алу-

улар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору ушул мыйзам

боюнча колдонулушу мүмкүн эмес.

2. Мамлекеттик заказчылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же мамле-

кеттик органы тарабынан мамлекеттик заказдардын тизмесине киргизилген

товарлардын ассортиментин, биринчи кезекте, майыптар коомдорунан сатып

алууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик заказды аткаруу иши-

нин жүрүшүн катуу контролго алат. Республикага ташып келинген товарлар-

дын түрлөрүнө, аларга керектөөчүлүк товар өндүрүүчүлөр-майыптар коому

аркылуу канааттандырылса, республикалык же жергиликтүү бюджеттин кара-

жаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлбөйт.

4. Майыптар коому тарабынан майыптарды социалдык тиричилик жактан

реабилитациялоо үчүн сатып алынуучу жана аларды иш менен камсыздандыруу

маселелерин чечүүгө багытталган товарлар тендердик иш чараларсыз сатып

алынат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-7)
