# 4-берене. Тараптардын укугу жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202537)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 16-майындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3939/edition/1150496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202537/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 4-берене (16.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-4

---

1. Сатып алуу үчүн келишим мамлекеттин муктаждыктарын камсыз кылуу

боюнча мамлекеттик заказчынын жана аткаруучунун укугун жана милдетин

аныктайт жана сатып алуу жөнүндө келишимди аткаруудагы аткаруучу менен

мамлекеттик заказчынын мамилелерин жөнгө салат.

Сатып алуулар жөнүндө келишимде мамлекеттик заказдарды аткаруу,

консультативдик жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча, аткаруучунун

ишкер чарбалык ишине кийлигишүүсүз башка жардамдарды көрсөтүү боюнча

иштердин жүрүшүнө мамлекеттик заказчы тарабынан контролдук кылуу кара-

лышы мүмкүн.

2. Сатып алуулар жөнүндө келишим боюнча жөнөтүлүүчү товар бул ке-

лишимде белгиленген өзгөчө шарттардын жана мамлекеттик стандарттардын

милдеттүү түрдөгү талабына дал келиши керек.

Милдеттүүлүккө калктын жашоосун жана саламаттыгын, анын айла-

на-чөйрөгө болгон коопсуздугун, товарлардын бири-бирине айкалышуусун

жана өз ара алмашуусун камсыз кылган товардын сапатына болгон талаптар

кирет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү түрдө серти-

фикацияланууга тийиш болгон жөнөтүү келишимдери боюнча жөнөтүлүүчү то-

варда, ага ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген же таанылган серти-

фикаты жана ылайыктуу белгиси болуш керек.

3. Жөнөтүү жөнүндөгү келишимдин негизи болгон товарларды өндүрүүнү

колдоо максатында тараптардын макулдашуусу боюнча, сатып алуучу уюм ке-

лечекте жөнөтүүнүн эсебинен чийки заттарды жана материалдарды сатып

алуу үчүн, мамлекеттик заказдын көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмес өлчөмүн

жөнөтүүчүгө алдын ала төлөп берет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-5)
