# 3-берене. Майыптар коомдорунун товарларына заказдарды топтоштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202537)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 16-майындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3939/edition/1150496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202537/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 3-берене (16.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-3

---

жана жөнөтүүлөрдү жайгаштыруу

1. Майыптар коомдорунун товарларына болгон Кыргыз Республикасынын

субъекттеринин керектөөлөрү (мамлекеттин муктаждыктары үчүн) ушул Мый-

замдын жалпы принциптерине жана жоболоруна ылайык мамлекеттик бийлик

органдары тарабынан аныкталат.

2. Мамлекеттин муктаждыктарына товарларды жөнөтүүнү аткаруу жана

камсыз кылуу иштерин уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү майып-

тар коомдорунун товарларына мамлекеттик муктаждыктарды жүзөгө ашырууга

жоопкерчиликтүү мамлекеттик заказчыларды аныктайт жана бекитет.

3. Мамлекеттик заказчиктердин финансы булактары болуп алардын за-

явкалары боюнча тиешелүү жылга керектүү товарларды жана продукцияларды

сатып алуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттар эсептелет.

4. Мамлекеттик муктаждыктарды камсыз кылуучу продукцияларды сатып

алуу жана жөнөтүү мамлекеттик заказчылар тарабынан сатып алуу келишим-

дерин түзүү менен майыптар коомдорунун ишканаларына, уюмдарына жана ме-

кемелерине жайгаштырылат.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечими аркылуу мамлекеттик

заказдарды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды беки-

тет.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын тапшырмасы боюнча мамле-

кеттик орган ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап майыптар коомдору-

нун республикалык борбордук органдарынын макулдугу менен товарлардын

ассортиментин, көлөмүн, баасы менен мөөнөтүн, ошондой эле мамлекеттик

заказчылар үчүн товар өндүрүүчүлөрдөн товар жана кызмат көрсөтүүнү са-

тып алууга квотаны (мамлекеттик брондоо) аныктайт, заказдарды өз уба-

гында жайгаштырууну жана заявкалардын чегинде аларды тандап алууну кам-

сыз кылат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202537/st-4)
