# 8-берене. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюна даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-8

---

1. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо коргонуунун спорттук-техникалык коомдук окуу жайларында жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында жүргүзүлөт. Даярдала турган адистердин саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, адистердин тизмеги жана даярдоо программасы коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Аскердик-техникалык адистиктер боюна даярдоого аскердик кызматка ден-соолугунун абалы боюнча жарактуу, он жети жашка толгон жана андан улуу жаштагы жарандар жиберилет. Окуу аяктагандан кийин жарандар алар даярдыктан өткөн адистиктер боюнча аскердик кызматка жиберилүүгө тийиш.

2. Атайын окуу жайларда билим алып жаткандан башка жарандар өндүрүштөн ажыратуу менен аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдыктан өтүп жаткан мезгилде жумуш орду жана ээлеген кызматы сакталат.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-9)
