# 6-берене. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 6-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-6

---

1. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо - аскердик кызматтын негиздерине үйрөтүү максатында аскерге чакырыла элек жана чакырылуучу курактагы жарандар менен өткөрүлүүчү милдеттүү иш-чаралардын комплекси.

2. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

жаштарды чакырылганга чейинки даярдоо; аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо; жалпы орто билим берүү уюмдарында кошумча билим берүүчү программалар боюнча аскердик даярдоо; запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо; дене тарбия даярдыгы, дарылоо-ден-соолугун чыңдоо иштери, аскердик-патриоттук тарбия.

3. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулат жана камсыздалат.

4. Менчигинин формасына карабастан уюмдардын жетекчилери аскерге чакырыла электер жана чакырылуучулар аскердик кызматка даярдыктан өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү.

5. Жарандарды аскердик кызматка даярдоонун уюштурулушун жана өткөрүлүшүн коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-7)
