# 41-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265635..1265636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 41-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-41

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жана жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча чакыруу комиссияларын уюштуруу жана өткөрүү жана жарандарды аскердик кызматка жана аскердик жыйындарга уюштурулуп жиберүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттары жабдылган чакыруу (жыйын) пункттары, медикаменттер, инструменттер, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобилдик транспорт, байланыш каражаттары жана зарыл болгон сандагы медициналык, техникалык жумушчулар жана кызмат көрсөтүүчү персоналдын адамдары менен камсыз кылышат; чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү текшерүү үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарынан орун бөлүп беришет; мобилизация пландарын аткаруу үчүн жана согуш мезгилиндеги шарттарында кабарлоо штабдары (участкалары), мобилизациялык ресурстарды жыйноо пункттары түзүлөт жана аскерге милдеттүүлөрдү жана техниканы аскердик бөлүктөргө жиберүү уюштурулат; жалпы аскердик милдеттердин талаптарын жарандар тарабынан аткарууну камсыз кылуу үчүн жүктүн төмөнкү нормасындагы аскердик-каттоо персоналын кармоого милдеттүү:

- эсепте катталууда 500гө чейин аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча бир жумушчу;

- эсепте катталууда 501ден баштап жана андан жогору аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылуучулар болсо - аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыкты жүргүзүү боюнча эки жумушчу.

2. Аскердик-каттоо персоналы тийиштүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен камсыздалат.

Аскердик-каттоо персоналын дайындоо, ордун алмаштыруу, бошотуу же кыскартуу райондук (шаардык) аскер комиссарларынын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт. (КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-42)
