# 36-берене. Запаста туруунун чектүү курагы. Запастын категориялары жана разряддары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451); 18.07.2019 [Закон КР от 18 июля 2019 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111941); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 196 (1) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111705); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 36-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-36

---

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасы эки категорияга бөлүнөт - биринчи жана экинчи.

Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакыруучулардын мобилизациялык резервинде кызмат өтөгөн, альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча аскердик антка келтирүү менен өтөгөн, баштапкы аскердик жыйындардан, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн, ошондой эле ички иштер органдарынан бошотулгандан кийин ушул Мыйзамдын 35-беренесине ылайык запаска киргизилген аскерге милдеттүүлөр кирет. Экинчи категориядагы запаска аскердик кызматты өтөбөгөн, альтернативдик кызматты өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет. Экинчи категориядагы запаска катталган жана мобилизациялык резервге киргизилген аскер кызматчылары, алар тарабынан аскердик жыйындар өтүлгөндөн кийин, биринчи категориядагы запаска каттоого которулууга тийиш. Аскердик каттоого турган аялдар экинчи категориядагы запаста турушат. Караңыз: КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы 10-р чечими

2. Аскерге милдеттүүлөрдүн запасы жашы боюнча үч разрядга бөлүнөт. Разряд запаста туруунун мөөнөтүнүн узактыгына жараша белгиленет.

3. Аскерге милдеттүү жоокерлер жана сержанттар курамынын аскерге милдеттүүлөрүнүн запаста туруунун чектүү курагын төмөнкүлөр түзөт:

биринчи разрядды - кырк жашка чейинкилерди кошкондо; экинчи разрядды - отуз алты жаштан кырк беш жашка чейинкилерди кошкондо; үчүнчү разрядды - элүү беш жашка чейинкилерди кошкондо. Прапорщиктердин запаста болуусунун чектүү курагы элүү беш жашты түзөт.

4. Офицер курамындагы аскерге милдеттүүлөрдүн запаста жүрүү курагынын чеги төмөнкүнү түзөт:

| Аскердик наамы | Чектеги жаш курагы |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
|  | 1-разряддагы запас | 2-разряддагы запас | 3-разряддагы запас |
| Кенже офицердик курам | 48 | 53 | 58 |
| Улук офицердик курам | 58 | 63 | 65 |
| Жогорку офицердик курам | \- | \- | 68 |

5. Аял - аскерге милдеттүүлөр, аларга ыйгарылган аскердик наамдарга көз карандысыз запастын үчүнчү разрядына киргизилет. Алардын запаста туруусунун чектүү курагы төмөнкүдөй болуп белгиленет:

жоокерлердин, сержанттардын курамы үчүн - кырк жашка чейин. прапорщиктер жана офицердик курамдын адамдары үчүн - кырк беш жашка чейинкилерди кошкондо.

6. Запаста туруунун чектүү курагына жеткен аскерге милдеттүүлөр, ден-соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп табылган адамдар, аскердик каттоодон чыгаруу менен отставкага которулат.

7. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан запаста туруунун чектүү курагы жогорулатылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) , 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-37)
