# 35-берене. Запаска киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 196 (1) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111705); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 07.08.2015 [Закон КР от 7 августа 2015 года № 221 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111265); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 35-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-35

---

1. Запаска киргизилген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:

аскер кызматынан бошотулгандар; запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн адамдар, запас боюнча аскердик наам ыйгарылгандан кийин; запаска киргизүү менен, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, альтернативдик кызматтан бошотулгандар; (абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) аскер кызматына чакыруудан бошотулгандыгына байланыштуу аскер кызматын өтпөгөндөр; аскердик-каттоо адистиги бар аялдар. ички иштер маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушундай билим берүү уюмдарын бүтүргөндөр, ички иштер органдарынын бошотулгандар. (КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы чечимине ылайык 35-берененин 1-бөлүгү КР Конституциясына карама каршы келет деп табылды)

2. Ден-соолугу боюнча запаста турган адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте аскер кызматына жарамдуулугун аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.

3. Аскер кызматына чакыруудан бошотулган, ошондой эле соттун чечими боюнча офицердик курамдын аскердик наамынан ажыратылган адамдар, райондук (шаардык) аскердик комиссариаттар тарабынан "запастагы катардагы жоокер" аскер наамын ыйгаруу менен запаска киргизилишет.

4. Аскер кызматын өтөгөн адамдарга, запаска киргизүүдө аскердик-каттоо адистиги райондук (шаардык) аскердик комиссариаттары тарабынан аныкталат.

5. Запаста туруу аскердик жыйындарды өтүүгө, аскердик кызматка чакыруу эрежелерин аткарууга жана аскердик каттоо боюнча милдеттерди сактоого болгон даярдыгында турат.

6. Запастагы офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында болуунун мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:

| аскердик наамда: | иштеген жылдарынын мөөнөттөрү: |
| --- | --- |
| кенже лейтенант | 3 жыл |
| Лейтенант | 4 жыл |
| улук лейтенант | 5 жыл |
| Капитан | 6 жыл |
| Майор | 7 жыл |
| Подполковник | 8 жыл |

Запастагы офицерге ыйгарылган наамда болуунун мөөнөтү ушул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет. (КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы чечимине ылайык 32-берененин 7-бөлүгү КР Конституциясына карама каршы келет деп табылды) (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 7-августундагы № 221, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-36)
