# 34-берене. Аскердик кызматка чакыруудан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230041208)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.02.2026 [Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230041208); 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 15.01.2021 [Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112169); 17.05.2019 [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 196 (1) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111705); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=24678..47775>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 34-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-34

---

1. Аскердик кызматка чакыруудан төмөнкү жарандар бошотулат:

тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардагы эмес кызматка жарактуу деп табылган; аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган; соттолгондугу жоюлбаган; Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин, башка мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматты өткөн; жыйырма беш жаш куракка чыккандар, эгерде алар жыйырма беш жашка толгонго чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен аларга мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же андан бошотуу берилген болсо.

2. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандар каттоодон чыгаруу менен, мобилизациялоо боюнча жана согуш убагында аскердик кызматка чакыруудан бошотулат.

4. Он сегиз жаш куракка чыккан жана андан улуу, дене түзүлүшүнүн чектелгендигине ылайык белгиленген тартипте чакыруу комиссияларын өтпөгөн жарандар I, II жана III топтогу майыптыкты белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечимин көрсөткөндө, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет.

5. Жыйырма беш жаш куракка чыккан жана андан улуу курактагылар, аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана мобилизациялык резервдин жыйындарын өтүүнү каалабаган жарандар аларга карата аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан баш тарткан фактылар боюнча материалдар жок болгондо (аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качкан фактылар боюнча материалдар болгондо, укук коргоо органдары же сот тарабынан аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качкандыгы боюнча чечим кабыл алгандан кийин), алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдөгү сумманы республикалык бюджетке төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) , 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-35)
