# 311-берене. Аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 311-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-311

---

1. Офицердик курамдын кызмат ордунда аскердик кызмат өтөгөн адамдар тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бошотулат.

Прапорщиктердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн адамдар прапорщиктерди кызмат ордуна дайындоого укугу бар кызмат адамдарынын буйругу менен аскердик кызматтан бошотулат. Жоокердик жана сержанттык курамдын кызмат орундарында аскердик кызмат өтөгөн адамдар тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктаган кызмат адамдарынын буйруктары менен аскердик кызматтан бошотулат.

2. Укуктарын кемсинтпестен бошотуу мүмкүнчүлүгүнө объективдүү түрдө жолтоо болгон шарттарга (медициналык мекемеде стационардык дарыланууда, кош бойлуулук, төрөт жана бала багуу боюнча өргүүдө, туткунда жүргөндө, барымтага алынган же мажбурланып кармалган абалда болгондо жана мыйзамда аныкталган ушул сыяктуу башка жагдайларда) туш болгон аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулбайт, ал эми мындай учурларда бошотуу жөнүндө чыгарылган буйруктар көрсөтүлгөн жагдайлар токтолмоюнча саптык бөлүктүн буйругу менен ишке ашырылбайт.

Эгерде атайылап жасаган кылмышы үчүн аскер кызматчыларына карата козголгон кылмыш иштери реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылса, же аларды ошол эле негиздер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынса, мындай аскер кызматчылары дискредитация боюнча аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулат. Эгерде этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон бөлүп коюу менен байланышпаган жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде же этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчыларына карата козголгон кылмыш иштери реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда же аларды ошол эле негиздер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынса, мындай аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык катуу таасирдеги тартип чарасы көрүлөт.

3. Аскердик кызматтан бошонуу үчүн бир нече негиздер бар болсо, аскер кызматчысы ал өзү тандаган негиз боюнча (бошотуу ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган терс негиздер боюнча жүргүзүлгөн учурлардан тышкары) бошотулат.

Бошотулган аскер кызматчыларын бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу алар иштерин жана кызмат ордун тапшыргандан, ошондой эле кезектеги өргүү берилгенден кийин жүргүзүлөт. Запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү аскер бөлүгүнө келип түшкөнгө чейин, бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жыл үчүн өргүүсүн колдонбогон аскер кызматчыларына өргүү алар ишин жана кызматын тапшыргандан кийин гана берилип, андан кийин аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Мында ар жылдык өргүү Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык календардык иштеген жылдарына карата берилет. Аскер кызматчыларын бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жылда өргүүнү пайдаланган, бирок бошотула тургандыгына байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен кийинки жылы чыгарылган аскер кызматчыларына келген жылда берилүүчү өргүү берилбейт. Эгерде аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү аскердик бөлүккө келип түшкөндөн кийин өргүүдөгү аскер кызматчысы ооруп калса, жыл сайын берилүүчү өргүү узартылбайт. Ошондой эле аскердик кызматтан бошотулгандыгына байланыштуу аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу менен аскер кызматчысына берилген кезектеги өргүү узартылбайт.

4. Аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүнүн алдында аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин кадрдык органдары өздүк иштеринен алардын аскердик кызмат өтөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды такташат. Тактоо жүргүзүлгөндөн кийин, аскер кызматчылардын аскердик кызматты өтөгөн мезгилдерин тастыктоо үчүн, пенсияга чыгууга укугу бар аскердик кызматчылардын өздүк иштери алар аскердик кызматты өтөп жаткан мамлекеттик органдын жогору турган башкаруу органдарына жөнөтүлөт:

- офицердик курамга жана прапорщиктерге карата - кадрдык органга;

- катардагы жоокерлерге жана сержанттарга карата - катардагы жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарын комплектөө маселелерин тескөөчү органга.

Андан ары өздүк иштери аскер кызматчыга пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөгөн жылдары эсептелүүчү мамлекеттик органдын пенсиялык бөлүмүнө жөнөтүлөт.

5. Аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулууга көрсөтүлүүнүн алдында алардын өтүнүчү боюнча ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугунун даражасын аныктоо үчүн аскердик-врачтык комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүлөт, алардын токтомдору бошотуунун негиздерин аныктоодо эске алынат. Медициналык күбөлөндүрүү амбулатордук түрдө же стационарда бир айдан ашык эмес мөөнөттө өткөрүлүүсү мүмкүн.

Аскер кызматынан ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган терс негиздер боюнча бошотулуп жаткан жана аскердик кызматта иштеген жылдары 20 календардык жылдан аз болгон аскер кызматчылары аскердик-врачтык комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилбейт. Аскердик кызматта 20 жана андан көп календардык жыл иштеген аскер кызматчыларына бошотуунун негиздерине карабастан, аскердик-врачтык комиссиядан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсүнө тыюу салынбайт, мында аскердик-врачтык комиссиянын корутундусу бошотуунун негизине таасирин тийгизбейт.

6. Аскердик кызматтан бошотулган, бирок ишин жана кызматын белгиленген тартипте тапшырбаган аскер кызматчысы бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү же жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат. Мында каттоо документтери аскердик каттоого алуучу жерге жиберилет. Аскердик бөлүккө (мекемеге) карызы болгондо карызды өндүрүү аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

7. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын бошотууга документтерди даярдоонун тартиби ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйругу менен аныкталат.

8. Аскердик кызматтан мыйзамсыз соттолгондугуна байланыштуу бошотулган же кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан алынган же четтетилген аскер кызматчылары аскердик кызматка мурда ээлеген же ага барабар кызмат орундарына белгиленген тартипте кайра орноштурулат.

9. Жеңилдетилген эсептөөдө аскердик кызматта 20 жыл жана андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган аскердик кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, запаска же отставкага бошотулуу учурунда ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйругу менен аскердик кийим формасын кийүүгө укук берилет.

10. Мөөнөттүү аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары, ал эми башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда - тиешелүү жетекчилердин буйруктары менен жүргүзүлөт.

Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын ден соолугунун абалына жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын буйругу менен жүргүзүлөт. Кылмыш иши жүрүп жаткан аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн учурда аларды аскер кызматынан бошотуу тиешелүү тергөө же сот органдары менен макулдашуу боюнча гана аскердик кызматтан бошотулушат. Сот тарабынан эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле тартип бөлүгүнө жазаны өткөрүү үчүн жиберилген аскер кызматчылары, соттолгонго чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн аскердик бөлүктөрдүн тизмесинен өкүм мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап алынат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-31)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-32)
