# 30-берене. Аскер кызматындагы аскер кызматчыларынын чектүү курагы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 30-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-30

---

1. Офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болушунун чектүү курагы төмөнкүдөй белгиленет:

капитанга чейин кошо алганда - кырк беш жаш; майорлорго - элүү жаш; подполковниктерге - элүү үч жаш; полковниктерге - элүү беш жаш; генерал-майорлорго - алтымыш жаш; генерал-лейтенанттарга жана андан жогоркуларга - алтымыш беш жаш.

2. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жоокердик жана сержанттык курамдагылардын, ошондой эле аял-аскер кызматчыларынын (офицерлер жана прапорщиктерден тышкары) аскердик кызматта болушунун чектүү курагы кырк сегиз жашты түзөт.

3. Прапорщиктердин аскердик кызматта болушунун чектүү курагы элүү жаш.

4. Чектүү куракка жеткен аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык запаска же отставкага бошотулууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-31)
