# 3-берене. Аскердик кызмат

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451); 18.07.2019 [Закон КР от 18 июля 2019 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111941); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 3-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-3

---

1. Аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик милдетти аткарууга багытталган мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү.

Он тогуздан кырк жашка чейинки курактагы аялдар, Кыргыз Республикасынын жарандары тынчтык убакытта аскердик каттоого алынышы мүмкүн.

2. Аскердик кызмат өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

чакыруу боюнча аскердик кызмат; контракт боюнча аскердик кызмат. Чакыруу боюнча аскердик кызматка төмөнкүлөр кирет: мөөнөттүү аскердик кызмат; (абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык чакырылган офицерлердин кызматы; согуш мезгилинде мобилизация жарыялангандагы кызмат; аскердик жыйындарды өтүүдөгү кызмат, анын ичинде запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо предметтерин окуу. резервдик түзүмдөрдөгү кызмат. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкүлөр кирет: резервдик түзүмдөрдө, отряддарда, ошондой эле аскердик башка түзүмдөрдө ыктыярдуу негиздеги кызмат; жоокерлердин, сержанттардын курамында, прапорщиктердин жана офицерлердин кызматтарында ыктыярдуу тартипте кызмат өтөө; аскердик окуу жайларда курсанттарды жана угуучуларды окутуу.

3. Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын элине берилгендигине Аскердик ант беришет.

Мурда Аскердик ант бербеген аскерге милдетүүлөр аны аскердик жыйындарга чакырылганда беришет.

4. Ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте, жарандарды чакыруудан мөөнөттүү калтыруу же аскердик кызматтан бошотуу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-4)
