# 29-берене. Аскер кызматынын мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 14.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 14 июля 2023 года № 137 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112620); 15.01.2021 [Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 29-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-29

---

1. Аскер кызматынын мөөнөттөрү календардык эсептөөдө төмөнкүдөй белгиленет:

мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн - он эки ай; чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан офицерлер үчүн - жыйырма төрт ай; аскер кызматын контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн - Аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жоболордо көрсөтүлгөн мөөнөттөр.

2. Дисциплинардык бөлүктөрдө жазасын өтөп жаткан жоокерлерге, сержанттарга жазасын өтөгөн мезгили мөөнөттүү аскер кызматынын мөөнөтүнө кошулуп эсептелбейт.

(Абзац КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөөгө байланышкан белгилүү бир милдеттерди аткаруу максатында коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнмөсү боюнча мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок эки айдан ашык эмес аскер кызматында калтырууга укук берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 14-июлундагы № 137, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-30)
