# 27-берене. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265627..1265628>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 27-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-27

---

1. Аскер кызматчысы, ошондой эле аскерге милдеттүүлөр, аскердик жыйындарды өтүү убагында аскердик кызматтын милдеттерин өтөп жатат деп төмөнкү учурларда эсептелет:

согуш аракеттерине катышуу; кызматтык милдеттерди аткаруу; күжүрмөн нөөмөттү, күжүрмөн кызматты, гарнизондук нарядда кызмат өтөө, суткалык наряддын курамында милдеттерин аткаруу; машыгууларга катышуу; аскердик жыйындарда болуу, жыйындар өтүүчү ордуна баруу жана келүү; командир (начальник) тарабынан берилген буйруктарды жана тескемелерди аткаруу; кызмат убактысынын күн тартибинде белгиленген убакыттын ичинде же башка убакытта аскер бөлүгүнүн аймагында болуу, эгерде бул кызматтык зарылчылык менен байланышкан болсо; кызматтык иш сапарда болуу, иш сапар ордуна баруу жана келүү; кызматта болуу, кызмат ордуна баруу жана келүү; дарыланууда болуу, дарылануу ордуна баруу жана келүү; өргүүдө болуу, өргүү өтүүчү ордуна баруу жана келүү; туткунда, барымтада же мажбурлап жайгаштыруу абалында болуу; аскер кызматчыны дайынсыз жоголду деп таанууга же мыйзам тарабынан белгиленген тартипте каза болду деп жарыяланганга чейин дайынсыз жоголуу; инсандын өмүрүн, ден-соолугун, ар-намысын жана кадырын коргоо; адамдын жана жарандардын өмүрүн, ден-соолугун, укугун жана эркиндигин коргоо, укуктук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча укук коргоо органдарына жардам берүү; коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жасалган, сот тарабынан таанылган, аскер кызматчынын башка аракеттерди жасаганы; өзгөчө кырдаалдар же согуштук абалдагы шарттарда, ошондой эле куралдуу чыр-чатак шарттарында тапшырмаларды аткаруу; тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча тынчтыкты сактоочу операцияларга катышуу; жаратылыштык, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга катышуу жана аймактык коргоону уюштуруу боюнча тапшырмаларды аткаруу.

2. Командирлерге (начальниктерге) аскер кызматынын милдеттерин аткарууга тиешеси жок же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга багытталган буйруктарды (буйруу) жана тескемелерди берүүгө тыюу салынат.

(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-28)
