# 25-берене. Жарандардын жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруусу. Аскердик окуу жайларда окуп жаткан жарандар менен аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттарды түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 18.07.2019 [Закон КР от 18 июля 2019 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 25-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-25

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруу укугу берилет.

Жогорку аскердик окуу жайларына тапшырууга төмөнкүлөр укуктуу: курсанттар катары:

- тапшыруу мезгилине карата он жети жаш куракка толгон, бирок жыйырма бир жаштан ашпаган жарандар;

- аскер кызматын өтөгөн жарандар жана мөөнөттүү аскер кызматын жана контракт боюнча аскер кызматын жоокер, сержант жана прапорщик кызматтарында өтөп жаткан аскер кызматчылары тапшыруу мезгилине карата жыйырма төрт жаш куракка толгонго чейин;

угуучулар катары - офицердик курамдагы аскер кызматчылары. Чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, аскердик даярдык боюнча кошумча программалары бар билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жогорку аскердик окуу жайларына өтүүгө артыкчылыктуу укукка ээ. Аскердик окуу жайларына тандоо тартибин, аял аскер кызматчылары менен комплекттөөгө жол берилген аскердик-каттоо адистиктеринин тизмегин жана жогорку аскердик окуу жайларында окуу убагында аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоонун тартиби жана жогорку аскердик окуу жайларында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын кошпогондо, курсанттын аскер кызматын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп ал жогорку аскердик окуу жайга кабыл алынган дата эсептелет.

3. Жогорку аскердик окуу жайларына кабыл алынган учурда курсанттар контракт (аскер кызматчыларынын ичинен курсанттар - жаңы контракт) түзүшөт жана (улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо) аскердик кызмат орундарына дайындалышат.

Жогорку аскердик окуу жайларга окууга бир жылга жана андан ашык мөөнөткө жиберилген офицерлер окуу жөнүндө жана аскердик окуу жайларды аяктагандан кийин үч жыл аскер кызматын милдеттүү өтөө тууралуу жаны контракт түзүшөт.

4. Он сегиз жашка толо элек адамдарды кошпогондо, жогорку аскердик окуу жайларга тапшырбаган же алардан чыгарылган аскер кызматчылары, эгерде алардын чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга жана аскердик кызматка чакыруудан бошотууга укугу болбосо, мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн кошундарга жана бөлүктөргө жөнөтүлөт.

5. Жогорку аскердик окуу жайларын бүткөндөн кийин курсанттарга "лейтенант" деген аскердик наам ыйгарылат.

Окуу мөөнөтү беш жылдан ашык болгон жогорку аскердик окуу жайларында окуп жаткан курсанттарга "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы 5-курсту аяктагандан кийин ыйгарылат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларына кезектеги аскердик наамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат. (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, тексттеги айрым сөздөргө дал келбейт.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-26)
