# 23-берене. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265618..1265619>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-23

---

1. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт Кыргыз Республикасынын жаранынын жана Кыргыз Республикасынын атынан тиешелүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ортосунда түзүлөт.

2. Аскердик кызмат өтөө жөнүндө контрактта жарандын аскердик кызматка өз эрки менен киргендиги, жаран контракттын башка шарттарын сактоого милдеттенген мөөнөтү бекитилет.

3. Контракт боюнча кызматты өтөө мөөнөтү контрактка кол койгон күндөн эсептелет.

4. Контракт өзүнүн аракетин төмөнкү учурда токтотот:

мөөнөтү бүткөнү боюнча; аскер кызматчысынын мөөнөтүнөн мурда иштен бошонуусуна байланыштуу; аскер кызматчысы тарабынан аскер кызматын өтөө жөнүндө башка контрактты түзгөн күндөн баштап; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген башка учурларда.

5. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттын шарттары контрактта белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жарандын аскердик кызмат өтөө милдетин өзүнө камтыйт.

6. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат орундарына дайындалган аскер кызматчылары, аскер кызматын тиешелүү кызмат орундарында аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт түзбөстөн өтүшөт.

Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын кызмат орундарынан бошоткондон кийин алар аскер кызматын өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүшөт же ушул Мыйзамда жана Аскер кызматын өтөө жөнүндө жободо белгиленген тартипте аскер кызматынан бошотулат.

7. Жогорку билими бар жана алты ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, Аскер кызматын өтөө жөнүндө жобо тарабынан белгиленген тартипте контракт боюнча аскер кызматына өтүүгө укугу бар.

(КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-221)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-24)
