Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-берене. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
1. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт Кыргыз Республикасынын жаранынын жана Кыргыз Республикасынын атынан тиешелүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ортосунда түзүлөт.
2. Аскердик кызмат өтөө жөнүндө контрактта жарандын аскердик кызматка өз эрки менен киргендиги, жаран контракттын башка шарттарын сактоого милдеттенген мөөнөтү бекитилет.
3. Контракт боюнча кызматты өтөө мөөнөтү контрактка кол койгон күндөн эсептелет.
4. Контракт өзүнүн аракетин төмөнкү учурда токтотот:
мөөнөтү бүткөнү боюнча; аскер кызматчысынын мөөнөтүнөн мурда иштен бошонуусуна байланыштуу; аскер кызматчысы тарабынан аскер кызматын өтөө жөнүндө башка контрактты түзгөн күндөн баштап; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген башка учурларда.
5. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттын шарттары контрактта белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жарандын аскердик кызмат өтөө милдетин өзүнө камтыйт.
6. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат орундарына дайындалган аскер кызматчылары, аскер кызматын тиешелүү кызмат орундарында аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт түзбөстөн өтүшөт.
Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын кызмат орундарынан бошоткондон кийин алар аскер кызматын өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүшөт же ушул Мыйзамда жана Аскер кызматын өтөө жөнүндө жободо белгиленген тартипте аскер кызматынан бошотулат.
7. Жогорку билими бар жана алты ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, Аскер кызматын өтөө жөнүндө жобо тарабынан белгиленген тартипте контракт боюнча аскер кызматына өтүүгө укугу бар.
(КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>