# 221-берене. Жарандарды резервдик түзүмдөргө чакыруу, ошондой эле ыктыярдуу резервдик түзүмдөргө, отряддарга жана аскердик башка түзүмдөргө ыктыярдуу негизде чакыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265635..1265636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 221-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-221

---

1. Түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия мезгилинде, куралдуу чыр-чатак (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана башка курал-жарактарды жана согуш техникаларын пайдалануу менен аскердик кагылышуулар) жаралганда, жарандарды резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакыруу мобилизациялоону жарыялабастан, ошондой эле мобилизациялоону, согуш абалын же согуштук жагдайды жарыялоо менен ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы жарандар резервдик түзүмдөргө жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылууга тийиш. Ыктыярдуу резервдик отряддарга ыктыярдуу негизде чакырууга чакырылган күндө он сегиз жашка толгон жарандар тартылат, мында жаш курак чектелбейт.

3. Резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө чакырылган жарандарга акчалай акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган контракттык кызмат өтөөнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча төлөнөт.

4. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү аскер башкармалыгынын органдарында резервдик түзүмдөргө, ыктыярдуу резервдик отряддарга жана башка аскердик түзүмдөргө талапкер катары ыктыярдуу негизде каттоого турууга укуктуу.

Резервдик түзүмдөрдү, ыктыярдуу резервдик отряддарды түзүү жана иштетүү негиздери, аларды пайдалануу тартиби, ошондой эле резервдик түзүмдөрдө жана ыктыярдуу резервдик отряддарда жарандардын кызмат өтөө тартиби, төлөө тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-22)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-23)
