# 22-берене. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-22

---

1. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жүргүзүлөт.

Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу күнүнө он сегиз жашка толгон жарандар чакырылат.

2. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде аскердик кызматка чакырылган аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар менен иштеген жери, кызматы боюнча толук эсептешүү жүргүзүлөт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн айлык акысы, бошонуу жөлөк пулу жана колдонулбаган өргүү үчүн компенсациялык төлөөлөр төлөнөт. Согуш мезгилинде жана мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылган жарандардын турак-жай аянты сакталат. Согуш мезгилинде мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылган жарандардын үй-бүлөлөрүнүн мамлекеттик камсыздоосу (пособие, пенсия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар согуш мезгилинде жана мобилизация өткөрүүдө аскерге милдеттүүлөргө жана чакырылуучуларга өз убагында кабарлоону камсыз кылууга жана топтоо пункттарына же аскер бөлүктөрүнө алып келүүгө милдеттүү.

4. Согуш мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын туруктуу жашаган жеринен чыгып кетишине райондук (шаардык) аскер комиссарынын уруксаты берилбейт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-21)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-221)
