22-берене. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде жарандарды чакыруу күнүнө он сегиз жашка толгон жарандар чакырылат.
2. Мобилизация боюнча жана согуш мезгилинде аскердик кызматка чакырылган аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар менен иштеген жери, кызматы боюнча толук эсептешүү жүргүзүлөт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн айлык акысы, бошонуу жөлөк пулу жана колдонулбаган өргүү үчүн компенсациялык төлөөлөр төлөнөт. Согуш мезгилинде жана мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылган жарандардын турак-жай аянты сакталат. Согуш мезгилинде мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылган жарандардын үй-бүлөлөрүнүн мамлекеттик камсыздоосу (пособие, пенсия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар согуш мезгилинде жана мобилизация өткөрүүдө аскерге милдеттүүлөргө жана чакырылуучуларга өз убагында кабарлоону камсыз кылууга жана топтоо пункттарына же аскер бөлүктөрүнө алып келүүгө милдеттүү.
4. Согуш мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын туруктуу жашаган жеринен чыгып кетишине райондук (шаардык) аскер комиссарынын уруксаты берилбейт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>