# 21-берене. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230041208)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.02.2026 [Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230041208); 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 15.01.2021 [Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112169); 18.07.2019 [Закон КР от 18 июля 2019 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111941); 17.05.2019 [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 196 (1) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111705); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=24678..47775>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 21-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-21

---

1. Жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызмат өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызмат өтөгөн жарандар, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.

2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджетке толук өлчөмдө түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөсүн карайт.

Чакыруунун жана жыйындардан өтүүнүн тартиби, ошондой эле акчалай төгүмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт.

(Абзац КР 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет.

Мобилизациялык резервдин жыйындары аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине коюлат.

5. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Запастын биринчи категориясына каттоого алынган, жогорку билими бар, курагы 30 жашка чейинки, офицердик курамдын запастагы биринчи аскердик наамын алууну каалаган аскерге милдеттүүлөр мобилизациялык резервдин жыйындарынан запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча өтүшөт.

Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары бүткөндө аскерге милдеттүүлөргө офицердик курамдын запас боюнча "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат. Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке толук көлөмдө түшүүчү акчалай төгүмдү жарандардын төлөөсүн карайт. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) , 2019-жылдын 17-майындагы № 64 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 , 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-22)
