# 16-берене. Чакыруу комиссиялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 196 (1) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111705); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-16

---

1. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылып жаткан, аскердик-окуу жайларына өтүп жаткан жарандар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Жарандардын аскердик жана альтернативдик кызматтарга жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн райондордо (шаарларда) төмөнкү курамдагы медициналык комиссиялар түзүлөт: комиссиянын төрагасы - тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссары. Комиссиянын мүчөлөрү: мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү; райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнүн өкүлү; чакыруу комиссиясынын улук врачы; катчы. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучуларды жана аскердик окуу жайларына өтүп жаткан жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдери менен дарыгерлер жана орто медициналык персонал дайындалат.

2. Чакыруу комиссиясы медициналык күбөлөндүрүүнүн, жарандын үй бүлөлүк абалынын, диний көз-караштарынын, соттолгондугунун, каалоосунун жыйынтыктары боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну; (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) альтернативдик кызматка чакырууну; ден-соолугунун абалы же башка негиздер боюнча кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууну; тынч убакта аскердик кызмат өтөөгө ден-соолугунун абалы боюнча жарамдуу эмес, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарамдуу деп табуу жана запаска киргизүүнү; аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табууну; ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аскердик милдеттерди аткаруудан бошотууну. Чакыруу комиссиянын чечими жаранга жеткирилет. Чакыруу комиссиянын чечиминин көчүрмөсү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча анын колуна берилиши керек. Чакыруу комиссиясынын чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти чакыруу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле чакыруу комиссиясынын ишине катышкан адамдар тартат.

3. Чакыруу комиссиясынын чечимине жаран Республикалык чакыруу комиссиясында даттанышы мүмкүн.

Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталат. Республикалык чакыруу комиссиясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ишин жетектөө жана контроль жүргүзүү; жарандарга мөөнөтүн узартуунун жана кызматка чакыруудан бошотуунун мыйзамдуулугун текшерүү; мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандарды кызмат өтөө жерине жиберүүнүн алдында аларды контролдук медициналык кароону уюштуруу; тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде катардык эмес кызматка жарамдуу, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз жана ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарамдуу деп табылган жарандарды контролдук медициналык кароону уюштуруу; алардын аскердик кызматка жарамдуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө корутунду менен макул эместиги жөнүндө арызданган жарандарды, ошондой эле альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды кайрадан медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү; райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине болгон жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо; райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жокко чыгаруу. Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими сотто даттанууга мүмкүн.

4. Ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жана запаска киргизилген жарандар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мөөнөттө жана тартипте медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.

Чакыруу курагындагы жарандар медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп таанылганда жалпы негизде кызматка чакырылат. (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-17)
