# 15-берене. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032); 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 15.01.2021 [Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112169); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=47775..56647>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 15-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-15

---

1. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүмдөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын милдеттүү негизде өздүк курам менен комплекттөөгө багытталган иш-чаралардын комплекси.

Жарандарды аскердик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт; мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык бардык жерлерде ар жылда эки жолу (март-майда жана сентябрь-ноябрда); согуш мезгилиндеги мобилизация боюнча - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча; жоокерлер жана сержанттар курамдарынын кызмат ордуларына - белгиленген тартипте аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин командирлеринин табыштамаларынын негизинде. Прапорщиктердин, офицерлердин кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка Кулуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктарынын негизинде аскерге милдеттүүлөр чакырылат.

2. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга жаткан жарандар, аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алганда аскердик каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү.

Жарандардын чакыруу участкаларына келүүсүнүн так мөөнөтү райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругунда аныкталат. Уюмдардын жетекчилери чакырылууга тийиш болгон жарандарды чакыруу үчүн керектүү убакытка жумуштан (окуудан) бошотууга, аларды иш сапарлардан чакырууга жана чакыруу участкаларына өз убагында барышын камсыз кылууга милдеттүү.

3. Жашаган жери алмашылган учурда жаран ал жөнүндө тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариатына кабарлоого милдеттүү.

Белгиленген мөөнөттө чакыруу участкаларына келбей калуунун жүйөөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет: медициналык күбөлөндүрүүгө ылайык жарандын чакыруу участкасына өзү келүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеген оору; жакын тууганынын (атасы, энеси, ага-иниси, эже-карындашы, баласы) же жубайынын өлүмү же катуу оорусу; күтүүсүз мүнөздөгү тоскоолдор, мында өз убагында келе албай калгандыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу же ички иштер органдары тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.

4. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштурууга жардам көрсөтүшөт.

5. (КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-16)
