# 14-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, кызмат адамдарынын, чакырылуучулардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик каттоо боюнча милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 15.01.2021 [Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112169); 05.06.2018 [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 14-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-14

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана уюмдардын жетекчилери аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аларды райондук (шаардык) аскер комиссариаттарга чакырылып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана алардын өз убагында барышын камсыз кылууга милдеттүү.

2. Уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин жетекчилери аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү алардын аскердик-каттоо документтери болгондо жумушка алууга милдеттүү.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин жетекчилери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

аскердик-каттоо документтеринде райондук аскердик комиссариаттарынын аскердик каттоого алынганы (аскердик каттоодон чыкканы) жөнүндө белгиси бар болгондо аскер кызматчыларын, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды жашаган жери боюнча каттоого алууга (каттоодон чыгарууга); тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскерге милдеттүүлөрдүн, аскерге чакырылгандардын жана аскерге чейинки чакырылуучулардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө маалыматтарды берүүгө; аскерге чакырылуучуларды аскердик каттоого алууга, жарандарды аскердик кызматка жана аскердик жыйындарга чакырууну жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө; жарандардын аскердик каттоо эрежесин сактоосу үчүн контролду жүзөгө ашырууга.

4. Ички иштер органдары төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү:

аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөөгө, кармоого жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүүгө; (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) райондук (шаардык) аскер комиссариатынын суроосу боюнча жарандардын соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө.

5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары аскерге милдеттүүнүн жана чакырылуучунун фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү жана жери өзгөргөнү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аскерге милдеттүү жана чакырылуучу каза болгону катталган жагдайлар жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына үч күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.

6. Алгачкы тергөө жана тергөө органдары сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан чакырылуучулар жана аскерге милдеттүүлөр жөнүндө, ал эми соттор - жазык иштери сот тарабынан каралып жаткан чакыруучулар жана аскер кызматчылары жөнүндө, ошондой эле аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөр жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына он күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.7. Калкты социалдык коргоо органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болуп таанылган бардык аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына он күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.

8. Саламаттыкты сактоо органдары райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын чакыруу жүргүзөөрдүн алдындагы кайрылуулары боюнча дарыланууда жана диспансердик каттоодо турган аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

9. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Калкты каттоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар жарандар тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариатынын аскердик каттоого коюу же каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматын көрсөткөндө, жарандарды жашаган жери боюнча каттоону (каттоодон чыгарууну) жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 30 июля 2016 года № 158, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-15)
