# 13-берене. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=1265637..4231>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 13-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-13

---

1. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу мамлекеттик бийлик органдары, областтардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

2. Эркек жынысындагы жарандар он алты жашка толо турган жылда аскердик баштапкы каттоого алынууга жатат.

Жарандарды аскердик каттоого баштапкы коюу учурдагы жылдын декабрь айында жаңыра турган жылдын январь-март айларында төмөнкүдөй максаттарда өткөрүлөт: жарандарды аскердик каттоого коюу; жарандардын санын аныктоо; жарандардын аскер кызматына жарактуулугун жана ден-соолугунун абалын аныктоо; жарандардын жалпы билим деңгээлин жана адистигин аныктоо; чакырылуучуларды алдын-ала дайындоо; аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо жана аскердик окуу жайларга кирүү үчүн талапкерлерди тандоо.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын, окуу жайлардын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери жыл сайын белгиленген мөөнөттө тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскердик каттоого алгачкы коюуга тийиш болгон жарандардын тизмесин беришет.

4. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу үчүн райондордо жана шаарларда төмөнкүдөй курамдагы комиссиялар түзүлөт:

комиссиянын төрагасы - тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссары; комиссиянын мүчөлөрү: адис дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стамотолог, психиатр, фтизиатр) жана катчы. Алгачкы аскердик каттоо боюнча комиссиянын персоналдык курамын жана анын ишинин тартибин жыл сайын тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы бекитет. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссиялардын мүчөлөрүнүн, медициналык, техникалык кызматкерлердин, ошондой эле тейлөөчү персоналдын ал милдеттерди аткаруу убактысында жумуш орду, ээлеген кызматы жана эмгек акысы сакталат. Эгерде аталган адамдардын милдеттерди аткаруусу иш сапарлар менен байланышкан болсо, анда мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын жашаган жеринен иштеген жерине жана кайра барууга, турак-жайды жалдоого чыгымдарын, ошондой эле иш сапар чыгымдарын төлөп беришет.

5. Жарандар алгачкы аскердик каттоого алууда аскердик кызматка жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.

Медициналык кароодон өткөн жарандар, аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссиянын чечими менен чакырылуучулардын каттоосуна алынат, ал эми аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарга аскердик каттоодон чыгаруу менен белгиленген тартипте аскердик белет берилет. Алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча чакыруу комиссиясы тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жарандардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө акыркы чечими чакыруу комиссиясы тарабынан аныкталат.

6. Жарандар аскердик каттоого коюу менен байланышкан милдеттерди аткарышы үчүн зарыл болгон убакытка жумушунан (окуусунан) иштеген ордун жана ээлеген кызматын сактоо менен бошотулат.

7. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, ошондой эле каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, 4-бөлүктө расмий тилдеги бешинчи абзацта.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-14)
