# 12-берене. Аскердик каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032); 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669); 08.04.2015 [Закон КР от 8 апреля 2015 года № 73 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111117); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=47775..56647>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын төмөнкүлөрдөн башка жарандары аскердик каттоого алынууга тийиш:

аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынан; ички иштер органдарынын кызматкерлеринен; улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен; (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен; мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринен; аскердик-каттоо адистиги жок аялдардан; ушул Мыйзамга ылайык аскердик милдетти аткаруудан бошотулган жарандар.

2. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын аскердик каттоосу алардын жашаган жериндеги райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт, алар жок калктуу пункттарда аскердик каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Чет мамлекеттерде жашаган аскерге милдеттүү Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

3. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосу жалпы жана атайын каттоо болуп бөлүнөт.

Жалпы аскердик каттоодо чакырылуучулар, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизация учурунда жана согуш мезгилине карата брондолбогон аскерге милдеттүүлөр турат. Атайын аскердик каттоодо мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга мобилизация учуруна жана согуш мезгилине карата брондолгон аскерге милдеттүүлөр турат.

4. Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакыруу курагындагы жарандардын аскердик каттоосун жүргүзүү, аскердик каттоого коюу жана аскердик каттоодон чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Катардагы же жетекчи курамдагы кызмат орунга дайындалган, же улуттук коопсуздук, ички иштер, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кадрына алынган аскерге милдеттүүлөр аскердик каттоодон чыгарылып жана ошол органдарда Аскердик каттоо жөнүндө жободо белгиленген тартипте атайын каттоодо турушат.

6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тиешелүү аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде каттоого алынууга тийиш. Аларды каттоого алуу тартиби тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.

7. Мамлекеттик органдар, уюмдар жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттер жана алардын кызмат адамдары ушул Мыйзамга жана Аскердик каттоо жөнүндө жобого ылайык жарандардын аскердик каттоого алынышын камсыздашат.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-13)
