# 11-берене. Дене тарбия. Дарылоо-ден-соолукту чыңдоо иштери. Аскердик-патриоттук тарбия берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 11-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-11

---

1. Чакырыла электердин жана чакыруу курагындагылардын дене тарбия даярдыгы дене-тарбия-спорттук уюмдары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдары тарабынан жалпы орто билим берүүчү мектептерде жана башка окуу жайларда, менчигинин формасына карабастан уюмдарда, чарбалык субъекттерде дене-тарбия даярдык программасына ылайык жүргүзүлөт.

2. Чакырыла электерди жана чакыруу курагындагыларды дарылоо ден-соолукту чыңдоо иштери жаштардын аскердик кызматка даярдалышын медициналык камсыздоо боюнча жобого ылайык саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.

3. Чакырыла электерди жана чакыруу курагындагыларды аскердик-патриоттук тарбиялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-12)
