# 1-берене. Ушул мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202536)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032); 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 18.07.2019 [Закон КР от 18 июля 2019 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111941); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 196 (1) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111705); 23.12.2016 [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111438); 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203679)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536#diff=47775..56647>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202536/edition/1265618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202536/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ынанымдарын, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү; жалпыга бирдей аскердик милдет - Кыргыз Республикасынын жарандарынын Мекенди коргоо боюнча конституциялык парзы жана милдети; аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жалпыга тиешелүү аскердик милдетин аткаруусу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү; контракт боюнча аскердик кызмат - жарандардын Мекенди коргоо боюнча милдетин ыктыярдуу аткарууга негизделген аскердик кызмат; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү - "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган милдеттерди аткарууга арналган мамлекеттик аскердик уюм; аскердик жыйындар - аскер кызматчыларынын аскердик даярдыгын, аскердик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу же текшерүү максатында аскердик бөлүктөргө чакыруу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө өткөрүлүүчү иш чаралар; аскердик каттоо - аскерге милдеттүүлөрдү, чакыруу жана мобилизациялык ресурстарды каттоо жана анализдөө системасы; аскерге милдеттүүлөр - запаста турган жана аскердик кызматта болуунун чектик курагына жеткенге чейин аскердик каттоодо турган жарандар; тарбиялануучулар - жалпы, орто, техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарында аскердик даярдык боюнча кошумча билим берүү программасы менен окуп жаткан жарандар; аскер кызматы каралган мамлекеттик органдар - Аскер прокуратурасы, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөлөрү; башка аскердик түзүмдөр - улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүмчөлөрү, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери; аскерге чакырыла электер - он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы эркек жынысындагы жарандар; жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо - аскердик иштин негизи жана адамдын коопсуздугун жана турмуштук аракеттерин камсыздоо боюнча окутуунун милдеттүү предмети (окуу дисциплинасы); аскерге милдеттүүлөрдүн запасы (запас) - аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарында алар аскердик кызматта болуунун чектик курагына жеткенге чейин аскердик каттоодо тутуу; алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссия - жарандарды алар он алты жаш куракка чыккан жылы аскердик каттоого коюу мезгилинде түзүлүүчү комиссия; курсанттар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан жоокерлик жана сержанттык курамдагы аскер кызматчылар; аскер кызматына чакыруу боюнча иш-чаралар - чакыруу кагазын жиберүү жана алуу, райондук (шаардык) аскер комиссариатынын чакыруусу, чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, жыйноо пункттарында аскер бөлүктөрүн комплекттөө үчүн аскердик командаларды түзүү, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү; мобилизациялык ресурс - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн согуш мезгилине карата комплектилөө үчүн пландалуучу, аскердик каттоодо турган аскерге милдеттүүлөр жана чарбалык субъекттердин техникасы; мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу наряды - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын керектөөсүнө ылайык аныкталуучу, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырыла турган чакырылуучулардын саны; коомдук пайдалуу жумуш - альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан анын негизги жумушунан же окуусунан бош убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз жумушту аткаруусу, бул жумуштун түрү аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат; аскерге милдеттүү эместер - аскердик-дарыгердик комиссия, чакыруу комиссиясы же аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жараксыз деп табылып, аскердик каттоодон чыгарылган жарандар; мөөнөттү кийинкиге калтыруу - ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу; отставка - аскер кызматчыларын запаска өткөрбөстөн аскердик кызматтан бошотуу; чакыруу - жарандарды ушул Мыйзамда белгиленгендей аскердик милдетти аткарууга чакыруу; запаста туруу - аскерге милдеттүлөрдүн аскердик каттоо менен байланышкан милдеттерди аткаруусу; чакыруу комиссиясы - жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мезгилинде түзүлүүчү комиссия; угуучулар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан офицердик курамдагы аскер кызматчылары; аскерге чакырылуучулар - он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон эркек жынысындагы жарандар; жыйноо пункту - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мамлекеттик органдарына аскердик кызматка (анын ичинде мобилизациялоодо) чакырылуучу жарандардын ичинен командаларды калыптоочу жана жөнөтүүчү пункт; мөөнөттүү аскердик кызмат - жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте милдеттүү чакырууга негизделген аскердик кызматы; (абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, тексттеги айрым сөздөргө дал келбейт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202536/st-2)
