# 8-берене. Байытылган ундун зыянсыздыгын камсыз кылуу жаатындагы юридикалык жана жеке жактардын милдеттери

- Документ: [Нан унун байытуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202534)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 "Нан унун байытуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3937/edition/724128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202534/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нан унун байытуу жөнүндө, 8-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-8

---

Байытылган унду чыгаруу, ташып келүү, сактоо жана сатуу жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, керектөөчүлөрдүн алдында ун азыгынын зыянсыздыгынын жана сапатынын кепилдигин алууга, техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин техникалык регламенттин же ченемдик укуктук актылардын жана стандарттардын талаптарына ылайык байытылган унду чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу процессин сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Даярдоочулар же берүүчүлөр байытылган ундун техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин техникалык регламенттин же ченемдик укуктук актылардын жана стандарттардын талаптарына ылайык келишин белгиленген тартипте сертификациялоону же декларациялоону жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-9)
