# 6-берене. Байытылган ундун коопсуздугуна жана сапатына мамлекеттик контроль

- Документ: [Нан унун байытуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202534)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 "Нан унун байытуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 марта 2015 года № 54 "О внесения изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обогащении муки хлебопекарной"](https://aqlex.ai/kg/doc/205475)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534#diff=724128..724129>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3937/edition/724128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202534/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нан унун байытуу жөнүндө, 6-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-6

---

Нан унун байытуунун коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат. Байытылган унга жана аны сактоо, жөнөтүү жана сатуу процессине карата мамлекеттик контроль байытылган унга айлануу баскычында жүзөгө ашырылат. Байытылган ундун өндүрүштүк объекттерине жана өндүрүү процесстерине карата мамлекеттик контроль мезгилдүү пландык жана пландан сырткары текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өндүрүш объекттерин эксплуатациялоо процессинде жүзөгө ашырылат. Унду байытуу эрежелеринин сакталышын, байытылган унду жеткирүүнү жана сатууну контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдын же келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Унду байытуу эрежелеринин сакталышын, байытылган унду жеткирүүнү жана сатууну контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы унду байытуу эрежелеринин сакталышына, байытылган унду жеткирүүгө жана сатууга контроль жүргүзүүгө укуктуу. Унду байытуу эрежелеринин сакталышына, байытылган унду жеткирүүнү жана сатып өткөрүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2015-жылдын 12-мартындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-7)
