# 5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Нан унун байытуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202534)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 "Нан унун байытуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534#diff=724129..724130>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3937/edition/724128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202534/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нан унун байытуу жөнүндө, 5-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-5

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык калкты сапаттуу жана зыянсыз байытылган ун менен камсыз кылуу максатында:

- унду байытуу жана темир жетишсиздигинен болгон абалдын алдын алуу боюнча жергиликтүү программаларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат;

- жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыккан учурда унду байытуу, темир жетишсиздигинен болгон абалдын алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарга каражаттарды караштырууга укуктуу;

- байытылган ундун, биринчи иретте, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жана өнүгүү, юстиция, коргоо жана башка бюджеттик мекемелерде милдеттүү пайдаланышын контролдоону ишке ашырышат;

- (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык витаминдүү-минералдык, же минералдык кошулмалар менен байытылган нан унунун сакталышынын жана сатып өткөрүлүшүнүн шартында өндүрүштүк көзөмөлдөөнү камсыз кылышат.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-6)
