# 4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Нан унун байытуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202534)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 "Нан унун байытуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 марта 2015 года № 54 "О внесения изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об обогащении муки хлебопекарной"](https://aqlex.ai/kg/doc/205475)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534#diff=724128..724129>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3937/edition/724128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202534/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нан унун байытуу жөнүндө, 4-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү нан унун байытуу жана темир жетишсиздигинен болгон абалдын алдын алуу жаатында төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

- унду байытуу жана темир жетишсиздигинен болгон абалдын алдын алуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү;

- жарандарда темир жетишсиздигинен болгон оорулардын жана абалдын алдын алуу жаатында, аларды минералдык-витаминдер же минералдык кошумчалар менен байытылган (фортификацияланган) зыянсыз ун менен камсыз кылуу боюнча максаттуу улуттук программаларды кабыл алууну жана каржылоону;

- байытылган унду өндүрүү, сактоо, сатуу жана зыянсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик ченемдештирүүнү камсыз кылууну;

- байытылган унду өндүрүүнү, алып келүүнү жана сатууну контролдоону;

- мамлекеттик резервдеги жана фонддордогу дандан өндүрүлүүчү жогорку жана биринчи сорттордогу нан унун милдеттүү түрдө байытууну камсыз кылууну;

- байытылган унду өндүрүү менен алектенген юридикалык жана жеке жактарды экономикалык жактан дем берүү (чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында каралган жеңилдиктерди берүү) боюнча чараларды көрүүнү;

- байытылган унга коюлган милдеттүү талаптардын аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөөнү камсыз кылууну;

- тамак-аш азыктарында витаминдердин жана микроэлементтердин жетишсиздигинен келип чыккан оорулардын коркунучу жана натыйжасы тууралу, фортификацияланган унду жана андан жасалган тамак-аш азыктарын пайдалануунун зарылдыгы жөнүндө калктын маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылууну;

- байытылган ун өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу, ундун зыянсыздыгын контролдоону камсыз кылуу үчүн материалдык база түзүү максатында эл аралык кызматташууну.

(КР 2015-жылдын 12-мартындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-5)
