# 12-берене. Байытылган унду сактоо, ташуу, сатып өткөрүү учурунда анын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуунун талаптары

- Документ: [Нан унун байытуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202534)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 "Нан унун байытуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3937/edition/724128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202534/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нан унун байытуу жөнүндө, 12-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-12

---

Байытылган ун анын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарда сакталууга, ташылууга жана сатып өткөрүлүүгө тийиш. Байытылган унду санитардык эрежелерге жана ченемдерге жооп берген атайын жабдылган имараттарда, курулмаларда (кампаларда) сактоого жол берилет. Эгерде байытылган унду сактоо, ташуу жана сатуу учурунда кетирилген кемчиликтер анын тиешелүү сапатынын бузулушуна, ингредиенттерининин санынын азайышына алып келсе, ушул жаатта иш жүргүзгөн ишкерлер жана юридикалык жактар, ундун сатылышын токтотууга, унду экспертизага жиберүүгө жана анын корутундусунун негизинде байытылган унду жок кылууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын аймагында:

- жарактуу сертификаты жок;

- ташуу, сактоо жана сатуу үчүн тиешелүү шарттары жок;

- сактоо мөөнөтү өтүп кеткен;

- маркировкасы жок;

- жасалмаланган продукциялардагы байытылган унду чыгарууга, ташып келүүгө жана сатууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-13)
