# 11-берене. Байытылган унду упаковкалоого жана маркировкалоого коюлуучу талаптар

- Документ: [Нан унун байытуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202534)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 78 "Нан унун байытуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3937/edition/724128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202534/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нан унун байытуу жөнүндө, 11-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-11

---

Байытылган ундун упаковкасы анда ченемдик документтерде каралган сандагы витаминдик-минералдык же минералдуу кошумчалардын жетиштүү санда сакталышын камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы уруксат берген материалдан жасалууга тийиш. Байытылган ундун маркировкасынын реквизиттери ар бир упаковкага мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат жана төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт.

- продукттун аталышы;

- сорту;

- аталышы, даярдоочунун жайгашкан жери (юридикалык дареги, чыгарган өлкө);

- даярдоочунун товардык белгиси (эгер бар болсо);

- массасы, неттосу;

- азыктык баалуулугу;

- даярдалган күнү жана упаковкалоо нөөмөтүнүн номуру;

- сактоонун шарты;

- сактоо мөөнөтү;

- жарактуулугун бекемдөө жөнүндө идентификация жана маалымдоо жүргүзүлө турган документтин аталышы;

- чоң шрифт менен жазылган "байытылган", "обогащенная" деген сөздөр;

- кошулган кошулмалардын аталыштары көрсөтүлүү менен жалпы кабыл алынган логотип түшүрүлөт;

Зарыл болгон учурда упаковкада товардык белгиси пайдаланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202534/st-12)
